Кыргыз-тажик чек арасындагы нейтралдуу аймакта достук ишембилиги 22-январь күнү уюштурулганын Баткен райондук акимчилигинен кабарлашты.
Кыргызстандын Кызыл-Бел жана Тажикстандын Гүлистан айылдарынын ортосунда өткөн иш-чарага Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара районунун акимдери, күч кызмат өкүлдөрү, эки тараптан жалпысынан 100дөй тургун катышты.
Чогулгандар чек ара тилкесин таштандыдан тазалады. Иш-чара эки элдин мамилесин калыбына келтирүү жана коңшулук байланышты бекемдөө максатын көздөгөн символикалык аракет катары демилгеленген.
Ишембиликке чогулгандар мындан ары эки эл ынтымакта болуп, чек арадагы каттам калыбына келишин күтүп жатканын айтышты.
2020-жылы кыргыз-тажик чек арасы коронавируска байланыштуу жабылган эле. Андан кийин кыргыз тарап 2021-жылы чек арадагы адам өмүрүн алган кагылышуудан кийин Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жаап, соода-экономикалык байланыш дээрлик токтогон болчу.
Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев бул биргелешкен ишембиликти өткөрүү демилгеси чек аралардын ачылышына, каттамдарга тиешеси жок экенин, мурдагы мамилени калыбына келтирүү максатында гана болгонун билдирди.
Кыргызстан 2021-жылы Баткенде адам өмүрүн алган кагылышуудан кийин эки тарап чек араны тактоо ишин жандантканын кабарлаган.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 18-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Нооруз майрамына чейин ратификациялоону жүргүзүп, президенттерибиз кол коюп, ноталар менен алмашабыз деп үмүттөнөм. Биз ошону менен чек араны тактоону юридикалык жактан толугу менен аягына чыгарабыз", - деп билдирген.(JsA)
Шерине