Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев кайрадан Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын кабарлады. Бул тууралуу ал 24-январда Фейсбук баракчасына жазып, милицияга апасы Раиса Атамбаева дагы чакырылганын белгиледи.
Алар 22-январда дагы шайлоодогу добуш сатып алуу тууралуу айыптоого байланыштуу сурак берип чыгышкан.
Милициянын чакыруу кагазында Атамбаев суракка күбө катары чакырылганы белгиленген.
Бир күн мурда Бишкек милициясы партиянын мүчөсү Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганын билдирген.
"Эрмек Эрматов тергөө үчүн маанилүү далилдерди партиянын төрагасынын орун басары Кадырбек Атамбаевдин жеке буйругу менен жок кылууга аракет кылганы аныкталды", - деген милиция анын машинасынан "документтер, электрондук каражаттар, уюлдук телефон, флеш карталар, ноутбуктар, жаздыруучу жана бир катар башка каражаттар алынганын" кабарлаган.
Кадырбек Атамбаев кылмыш иши негизсиз козголгонун, милиция айтып жаткан каражаттын баары күч кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетин жаздырып, тартып, далил катары көрсөтүш үчүн колдонулуп жүргөнүн, эми анын айрымдары жок болгонун билдирди.
Азыркы тапта Социал-демократтар партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.
Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (КЕ)
Шерине