Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Эл аралык соттун прокурору "Талибандын" лидерлерин камоого ордер сурады


"Талибандын" жогорку лидери Хайбатулла Ахунзаданын сүрөтү
"Талибандын" жогорку лидери Хайбатулла Ахунзаданын сүрөтү

Гаагдагы Эл аралык соттун прокурору Карим Хан Ооганстандын башында турган "Талибан" кыймылынын лидерлерин камоого ордер берүүнү өтүнүп, сотко кайрылды. Анын жүйөсүнө караганда, талибдердин жетекчилери адамдын жынысына карап куугунтуктоо менен адамзатка каршы кылмышка барган.

Соттун сайтында жарыяланган Хандын билдирүүсүнө караганда, прокурор "Талибандын" жогорку лидери Хайбатулла Ахунзаданы, талибдер дайындаган Жогорку соттун башчысы Абдул Хаким Хакканини камоого ордер сурады.

Прокурор аларга кыз-келиндерди, алардын укуктарын жактагандарды, гендердик иденттүүлүк багытында өзүлөрүнө жакпаган адамдарды куугунтуктаганы үчүн айыптарды таккан.

Кеп Ооганстандагы аялдардын укуктарын бузуу жаатында катталган куугунтуктоолор, анын ичинде камоолор, кыйноолор жана сексуалдык зордук-зомбулук фактылары тууралуу болууда.

Ордер чыгаруу чечимин Эл аралык сот кабыл алышы керек. 2021-жылы бийлик башына келген "Талибан" кыймылы аялдардын укуктарын кескин чектеген.

Ооганстан Рим статутунун формалдуу түрдө мүчөсү. Хандын билдирүүсүнө "Талибан" эч кандай жооп кайтара элек.

Буга чейин Эл аралык кылмыш соту прокурордун талабы менен башка мамлекеттердин лидерлерин камоого ордер берген.

Алардын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин жана Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху дагы бар.

Кошмо Штаттар, Орусия, Кытай жана Израил Гаагадагы соттун юрисдикциясын тааныбайт.

Шерине

XS
SM
MD
LG