Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келди делген унааларды легалдаштыруу үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, иш башталганын 23-январда билдирди. Бул топ унааларды алгачкы ирет каттоо эрежелерин, шарттарын, жыйымдын наркын жана колдонуу мөөнөтүн аныктайт. Ошондой эле чет элдик номурлуу унаалардын өлкөгө кирип-чыгуусун көзөмөлдөө жол-жобосу иштелип чыгууда.
Билдирүүдө легалдаштыруу жараяны тиешелүү ченемдик-укуктук акты кабыл алынгандан кийин баштала турганы жазылган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келди делген Абхазиянын, Армениянын жана Орусиянын номуру менен жүргөн автоунааларга байланыштуу жарлык чыгарган. Ага ылайык, Министрлер кабинети эки айдын ичинде мындай машинелерди каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана алты айдын ичинде ишке ашырат.
Мамлекет башчынын 2024-жыл, 31-декабрда кол койгон жарлыгына ылайык, биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин 2024-жылы 11-декабрда парламентте билдирген. Анын сөзүнө караганда, көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген, 15 миңдей машиненин 90% документи жок.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааны ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (TAb)
Шерине