Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Түркияда өмүр бою эркинен ажыратылган өзбекстандыктын жазасы өзгөрүүсүз калды


Абдулкадыр Машарипов.
Абдулкадыр Машарипов.

Түркиянын Жогору соту Стамбулдагы түнкү клубдардын биринде теракт уюштурууга айыпталган өзбекстандык Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча буга чейин чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги кабарлады.

2020-жылы Түркияда сот Өзбекстанда туулуп өскөн Машариповду 40 жолу өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууга өкүм кылган. Ал 2017-жылдын 1-январында Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубундагы теракт үчүн күнөөлүү деп табылган. Калабада 39 киши набыт болуп, 70тейи жараат алган. Машарипов күнөөсүн толук мойнуна алган.

Жогорку сот бул иш боюнча айыпталып, ар кандай жаза мөөнөтүнө тартылган дагы 31 кишинин арызын карады. Баарынын буга чейинки чыккан өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды.

Клубга жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топ алган.

Машарипов клубдун күзөтчүсүн өлтүрүп, ичине кирип барып, отургандарга туш келди ок чыгарган. Ал убакта эс алуучу жайда 700-800дөй киши бар болчу. Машарипов бир нече күндөн кийин кармалган.

Ал теракта чейин алты жыл мурда Өзбекстандан Ооганстанга чыгып кеткени маалым болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG