Бишкек шаардык милициясы “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы 23-январда маалымдагандай, ал добуш сатып алуу тууралуу иш боюнча далилдерди жашырууга аракет кылган деп шектелүүдө.
""Социал-демократтар" партиясына карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоо өткөрүү жана ага даярдык көрүү маалында шайлоочулардын добушун сатып алуу тууралуу козголгон кылмыш иши алкагында 2025-жылдын 22-январында аталган партиядан депутаттыкка талапкер болгон Эрмек Эрматов тергөө үчүн маанилүү далилдерди партиянын төрагасынын орун басары Кадырбек Атамбаевдин жеке буйругу менен жок кылууга аракет кылганы аныкталды", - деп жазылды маалыматта.
Милиция Эрмек Эрматов Кадырбек Атамбаевдин айдоочусу экенин, токтомдун негизинде тинтүүгө алуу үчүн анын айдап бараткан машинасын токтотконда "талаптарга баш ийбей, унаага бекинип, ичиндеги электрондук каражаттарды жок кылууга аракет кылганын" билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кызматкерлер машинаны күч менен ачууга аракет кылганда Эрматов алардын автоунаасына зыян келтирип, качып кеткен, бирок акыры колго түшүрүлгөн. Машинасынын ичинен документтер, электрондук каражаттар, уюлдук телефон, флеш карталар, ноутбуктар, жаздыруучу жана бир катар башка каражаттар алынган.
Шектүү “Майда ээнбаштык” жана “Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө” беренелеринин негизинде Октябрь райондук милициясына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.
Кадырбек Атамбаев милициянын бул аракетин айыптап, “мыйзамсыз” көрүнүш деп билдирди.
“Биздин талапкерлер боюнча кадимки сурак жана куугунтук башталды. Соңку бир нече күндө ондой киши суракка чакырылды. Талапкерлер дээрлик “уурдалып жатат”, - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Азыркы тапта "Социал-демократтар" партиясынын үч өкүлү камакта отурат. Партия лидери, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында камалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда үчөөнү эки айга камакка алган.
Партия өкүлдөрү айыпты четке кагып, саясий куугунтук деп баалап келет.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, "Социал-демократтар" партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда сот кармалгандардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. (TAb)
Шерине