Американын Калифорния штатына караштуу Лос-Анжелес шаарынын түндүк тарабында кайрадан өрт тутанып, бир нече сааттын ичинде 39 чарчы чакырымга жайылып кетти.
Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды. Тилсиз жоо 22-январдын таңында Кастаик көлүнүн аймагында тутанган.
50 миңдей кишиге коопсуз жактарга чыгып кетүү тууралуу эскертүү жиберилди. Алардын 30 миңге жакыны милдеттүү түрдө эвакуациялана турган болду. Бул тууралуу Associated press агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, азырынча өрт турак жайларга жете элек. Тилсиз жоо менен күрөшкө 4000ге чукул өрт өчүрүүчү жиберилди.
7-январда Лос-Анжелестин аймагында токойлорду каптаган өрт 28 кишинин өмүрүн алды, 180 миң киши коопсуз жактарга көчүрүлүп, 16 миңдей турак жай күлгө айланды.
Баарынан дагы Лос-Анжелестин абройлуу деп саналган Пасифик-Палисейдс району жабыркады.
Метеорологдордун эсебинде, анын тез жайылышына шамал жана жаан-чачындын аздыгы дагы түрткү болгон.
Алдын ала эсеп боюнча өрттөн 250 миллиард долларлык зыян келтирилди.
Шерине