Пентагон жакынкы күндөрү АКШнын Мексика менен чек арасына коопсуздукту камсыз кылуу максатында 1500гө чейин аскерин жайгаштырат. Бул тууралуу 22-январда америкалык расмий өкүлдөр билдирди. Муну менен президент Дональд Трамптын президенттик кызматка киришкенден кийинки жарлыктарын ишке ашыруу башталат.
20-январда кызматка расмий киришкен 47-президент дароо маанилүү буйруктарга кол коюп, буга чейинки мамлекет башчы Жо Байдендин администрациясынын 78 чечимин жокко чыгарган. Ал Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизилерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган.
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Роберт Салессес аскерлерди жайгаштыруу боюнча буйрукка 22-январда кол коет деп күтүлүп жаткан. Бирок чек арага кайсы бөлүктөрдөн жиберилери жана аскерлердин саны өзгөрүшү мүмкүнбү, жокпу азырынча белгисиз. Алар чек арага кандай шартта жөнөтүлөт, укук коргоо органдары катары кызмат кылабы же башка, жаңы ролду аткарышабы деген суроо ачык турат.
Азырынча бул багытта расмий билдирүү чыга элек.
Чек арага жөнөтүлөт деген кызматкерлер учурда жеринде иш алып барып жаткан 2500дөй улуттук гвардиячыга жана резервдеги аскерлерге кошулат. Учурда ал жакта АКШнын Коргоо министрлигинин күчтөрү жок экени айтылды.
Ошондой эле Трамп АКШнын түштүктөгү чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын, мыйзамсыз мигранттар АКШга кирбестен Мексикада каларын шарттай турган саясатка басым жасарын айткан.
“[АКШга] мыйзамсыз киргендердин баары дароо токтотулат жана биз миллиондогон, миллиондогон кылмыштуу чоочундарды келген жагына кайтаруу жараянын баштайбыз”, - деген ал.
20-январда Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси жабылды. Тиркемени АКШнын Бажы жана чек ара кызматы иштеп чыккан. Кызматтын веб-сайтындагы жарыяда программа мындан ары иштебей турганы жана буга чейинки каттоо жокко чыгарылганы жазылган.
Шерине