Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 23-январда кабарлады.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэрлигинен бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп 2022-жылы 29-ноябрда дайындалган. Ага чейин “бийликти басып алуу беренеси” менен камалып чыккан Жетигеновдун бул кызматка барышы күтүүсүз кадрдык жүрүш катары бааланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен "Чүй ынтымагы" жана "Эл ынтымагы" биримдиктеринин он бештей өкүлүн кармаган. Алардын арасында ошол кездеги 6-чакырылыштын депутаты Бакытбек Жетигенов дагы болгон.
2023-жылы ноябрда Ош шаардык кеңеши кезектеги сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жетигенов муну жеке кызыкчылыктарга байлаган.
57 жаштагы Жеңишбек Токторбаев Ош облусунун Кара-Жыгач айылында туулган. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болуп шайланган.
Ош - Кыргызстандагы республикалык маанидеги эки шаардын бири. Калаада 320 миңден ашуун калк жашайт. 2022-жылга Ош шаарынын жалпы бюджети 1 млрд 600 млн 510 миң сом деп бекитилген. 2021-жылы казынанын көлөмү 1 млрд 365 млн сом болгон.
Шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири — таза суу. Тургундар ичүүчү сууну Ак-Буура дарыясынан алгандыктан суу жамгырдан кийин булганса сааттап, айрым учурда эки-үч күнгө чейин токтоп калат. Мындан сырткары, бала бакчалардын жетишсиздиги, ички жолдордун абалы, инфраструктура эгемендик алгандан бери оңдолбой турат. (КЕ)
Шерине