Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:54

Түркияда өрттөн каза болгондор 76га жетти, президент Жапаров көңүл айтты


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мейманканадагы адам өмүрүн алган өрт кырсыгына байланыштуу Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.

“Түркия Республикасынын Болу провинциясындагы мейманканада чыккан өрттүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым", - деп жазылган мамлекет башчынын телеграммасында.

Жапаров Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады.

21-январдын кечинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын билдирген. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды.

Бүгүн 22-январда Туркияда аза күтүү күнү жарыяланды.

21-январда Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин мейманкананын кожоюнун кошкондо 4 киши кармалганын билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Ал бул апааттын чыгышына себеп болгондор мыйзам алдында жооп берерин белгиледи.

Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 237 адам жашаган, жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында башталган. Кеминде эки киши терезеден секирип каза болгон. Айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышкан.

Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 "Тез жардам" кызматы жөнөтүлгөн.

Мейманкана тоо боорунда жайгашкандыктан куткаруу иштери кыйын болду. Өрт 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Мейманкананын жанындагы башка имараттардын эс алуучулары эвакуацияланып, коопсуз жайга жайгаштырылды.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Карталкая" лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG