21-январдын кечинде Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая Болу провинциясындагы "Карталкая" лыжа базасындагы мейманканада чыккан өрттөн набыт болгондордун саны 76га жеткенин айтып, 45 сөөктүн тек-жайы аныкталганын кошумчалады. 50дөн ашуун кишинин абалы оор экени кабарланды.
Түрк өкмөтү окуяга шектүү төрт киши кармалганын кабарлады. 22-январда аза күтүү күнү жарыяланды.
Өрт 21-январда таңкы саат үчтө 237 адам жашаган, жыгачтан курулган 12 кабаттуу мейманкананын ресторанында башталган. Кеминде эки киши терезеден секирип каза болгон. Айрымдары бөлмөлөрүнөн шейшеп жамынып качып чыгууга аракет кылышкан.
Тилсиз жоонун келип чыккан себептери азырынча белгисиз. Түрк өкмөтү иликтөө жүргүзүү үчүн алты прокурорду дайындаганын кабарлады. Окуя болгон жерге ондогон өрт өчүрүүчү жана 38 "Тез жардам" кызматы жөнөтүлгөн.
Мейманкана тоо боорунда жайгашкандыктан куткаруу иштери кыйын болду. Өрт 10 сааттан кийин гана өчүрүлгөнү маалымдалды. Мейманкананын жанындагы башка имараттардын эс алуучулары эвакуацияланып, коопсуз жайга жайгаштырылды.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) "Карталкая" лыжа мейманканасында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргыз жарандары жоктугун билдирген. (AiA)
Шерине