АКШнын жаңыдан кызматка киришкен президенти Дональд Трамп ишин 2021-жылы 6-январда Капитолийге кирип барып, Конгресстин ишин үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген 1500дөй адамдын жазасын жумшартуудан жана ырайым берүүдөн баштады. Ал кезде нааразылык акциясына чыккандар 2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракет кылышкан.
Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, бул иштин башаламандыкка айыпталган 14 катышуучусу - "Өктөм жигиттер" жана "Антты сактоочулар" радикал топторунун мүчөлөрүнүн жазасы жумшартылды. Маалымат каражаттары жазгандай, жакынкы сааттарда алар эркиндикке чыгышат.
Ал эми полиция кызматкерлерине жана башка бийлик өкүлдөрүнө баш ийбегени, Конгресске кирип барганы үчүн эркиндигинен ажыратылган башка адамдарга ырайым берилди.
Трамптын жарлыгында "2021-жылдын 6-январында Капитолийдин аймагындагы жана айланасындагы окуяларда мыйзам бузганы үчүн соттолгондордун баарына толук жана эч кандай шартсыз ырайым берүү" жөнүндө жазылган.
Президенттик жарлыгына кол коюп жатып Трамп: "Мен бул адамдардын баары бүгүн кечинде бошотуларынан үмүт кылам", - деп билдирди.
Өкүлдөр палатасынын мурдагы спикери Нэнси Пелоси президенттин бул чечимин "сот адилеттигин мазактоо" деп сыпаттады.
2021-жылы 6-январдагы окуялар боюнча 1500дөй кишиге айып тагылган. Миңдей адам соттолуп, 600 чамалуусу эркиндигинен ажыратылган. Трамптын ырайым жарлыгы чыккан убакта бул иш боюнча түрмөгө камалгандардын кыйласы мөөнөтүн өтөп бүткөн.
Дональд Трамп 20-январда АКШнын президенти кызматына расмий киришти.
Шерине