Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Прокуратура: Өзүн өрттөөгө аракет кылган жаран бул кадамга соттун чечиминен улам барган


Өзүнө өрт койгон адам. Бишкек. 20-январь, 2025-жыл. Соцтармактагы видеодон скриншот.
Өзүнө өрт койгон адам. Бишкек. 20-январь, 2025-жыл. Соцтармактагы видеодон скриншот.

Башкы прокуратура 20-январь күнү өзүнө өрт койгон жаран тууралуу түшүндүрмө берди. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, М.Э.А соттун чечимине нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүдө.

Башкы прокуратура бул жарандын 63 000 АКШ доллар турган автоунаасын А.у.М. аттуу адам алдап сатып жиберип, бирок акчасын кымырып алган факт боюнча кылмыш иши козголгонун, А.у.М. камакка алынып, иш былтыр 4-декабрда соттун кароосуна жиберилгенин маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, Октябрь райондук сотунун судьясы айыпкерди прокурор камакта калтырууну сураганына карабай, камактан бошотуп жиберген.

Ошондой эле А.Т. жана А.К. аттуу жарандар камакта турган үйдү М.Э.А. жана И.А. аттуу адамдарга 500 000 долларга алдап сатып жиберген факт боюнча кылмыш иши козголгону кошумчаланды. Бул ишти Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) тергеп жатат.

Башкы прокуратура бул жагдайлардын баары көзөмөлүндө экенин кабарлады.

20-январь күнү Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүн өрттөп жибергени тартылган видео тасма соцтармактарга жарыяланган. Маалыматты "Тез жардам" кызматы журналисттерге ырастаган. Өзүн өрттөгөн жаранга дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Октябрь райондук соту бул окуяга байланыштуу "Азаттыктын" суроосуна жооп бере элек.

Кыргызстанда "акыйкаттык таба албадым" деген себеп менен жарандар өзүнө өрт койгон учурлар буга чейин да кездешкен. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG