Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Трамп АКШ президентинин кызматына расмий киришти


АКШ президенти Дональд Трамп ант берип жатат, 20-январь, 2025-жыл
АКШ президенти Дональд Трамп ант берип жатат, 20-январь, 2025-жыл

АКШнын 47-президенти Дональд Трамп жана вице-президент Жей Ди Вэнс 20-январда Вашингтондогу Капитолийдин ротондосунда салтанаттуу ант берип, кызматка расмий киришти.

Аземге мурдагы президенттер, бир нече чет өлкөлүк лидер, саясатчылар, Конгресс өкүлдөрү жана ири технологиялык компаниялардын башчылары катышты.

Трамп буга чейин АКШнын 45-президенти болуп, 2017-2021-жылдары башкарган.

78 жаштагы Трамп былтыр 5-ноябрда өткөн шайлоодо Демократиялык партиядан талапкер, буга чейинки вице-президент Камала Харристи жеңген.

40 жылдан бери биринчи жолу АКШ президентинин инаугурациясы имараттын ичинде өтүп жатат.

Трамп өзү муну Вашингтондогу катуу суукка байланыштырды. Синоптиктердин маалыматына караганда, АКШ баш калаасында бул күнү абанын температурасы -7 градуска жетет.

Трамп эки китепке колун коюп ант берди. Алардын бири - апасынан калган Библия жана 1866-жылы Линкольн ант бергендеги Библия.

Шерине

XS
SM
MD
LG