20-январда Кошмо Штаттардын баш калаасы Вашингтондо Дональд Трамптын ант берүү аземи башталды. Иш-чара бул жолу Капитолийдин ротондасында, 40 жылдан бери биринчи жолу АКШ президентинин инаугурациясы имараттын ичинде өтүп жатат. Трамп өзү муну Вашингтондогу катуу суукка байланыштырды. Синоптиктердин маалыматына караганда, АКШ баш калаасында бул күнү абанын температурасы -7 градуска жетет.
Бул жолу инаугурацияга 100 жылдан бери биринчи жолу бир катар чет элдик меймандар чакырылган.
Алардын арасында Аргентинанын президенти Хавьер Милей, Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони, Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан дагы бар. Ошондой эле соңку күндөрү Буга чейин АКШ президентинин ант берүү аземине чет элдик элчилер гана катышчу.
Маалыматка караганда, Трамп эки китептин үстүно колун коюп ант берет. Бири апасынан калган Библияны жана Линкольндун Библиясын колдонот. Анын үстүнө колун коюп АКШнын президенти Авраам Линкольн 1866-жылы ант берген.
Ант берип, расмий кызматка киришкен Трамп инаугурациялык сөзүн сүйлөйт. Анда алдыдагы төрт жылга койгон максаттары тууралуу айтат. Андан соң президент ондогон (айрым маалыматтарга караганда жүздөгөн) документке кол коет. Андан соң Трамп бир катар иш-чараларга, анын ичинде үч расмий баллга катышат.
Ант берүү аземинин урматына өткөрүлчү парад бул жолу Capital One Arena стадионунда өтөт.
Шерине