Алматыда камалган активист Темирлан Енсебекти колдоп жалгыз пикетке чыккан журналист жана активист Асем Жапишеваны сот 15 суткага камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди. Анын айтуусуна караганда, Жапишева соттун чечимине макул эмес жана доо арыз менен кайрылууну көздөп жатат.
“Сатира - кылмыш эмес” деген жазуусу бар кагаз көтөрүп пикетке чыккан Жапишеваны полиция 20-январда кармап кеткен.
19-январда Енсебекти колдоп пикетке чыккан дагы бир журналист Руслан (Рус) Бикетов 15 суткага камалган. Ага тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузган деген айып тагылган. Соту онлайн өткөн.
Темирлан Енсебек “социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан” деген айып менен 17-январда тергөө изоляторуна камалган. Анын тарапташтары муну "саясий куугунтук" деп эсептешет.
Жапишева буга чейин "QazNews24 2022-жылдын январь окуялары тууралуу көп жазганын, бул теманы бийлик максималдуу түрдө жаап-жашыргысы келерин" жазган.
2021-жылдын май айында Алматы полициясы Енсебектин үйүндө тинтүү жүргүзүп, техникасын алып кеткен. Өзүн суракка алышкан.
Анда Енсебектин “Казакстандын мусулмандар дин башкармалыгы Назарбаевге (Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев) кудай макамын сунуштады” деп жазган тамаша посту түрткү болгон.
Темирлан Енсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти.
2024-жылдын 4-январында Алматы соту Oyan, Qazaqstan кыймылынын алты активисти, анын ичинде Енсебекти “тынч жыйындарды өткөрүү жана уюштуруу тартиби тууралуу мыйзамды бузган” деген айып менен 15 суткага камаган.
Шерине