Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Бишкек шаардык сотунун судьялары Кемпир-Абад ишин ачык кароодон баш тартты


Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, райондук сот актаган саясатчылар, активисттер жана алардын адвокаттары. Архив.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, райондук сот актаган саясатчылар, активисттер жана алардын адвокаттары. Архив.

17-январда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча жараян уланып, судьялар сот ишин ачык кароодон баш тартты. Бул тууралуу ушул иш боюнча айып тагылып, райондук сотто акталган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

"Мен Бишкек шаардык сотуна Кемпир-Абад ишин мыйзамга ылайык, эл билсин деп ачык өткөрүү өтүнүчүн келтиргем. Бүгүн судьялар Мирад Динеев, Алмаз Калбаев жана Сүйүнбек Бекташов мурдагы тергөөчүнүн чечимине таянып, сотту жабык өткөрөбүз деп чечишти".

Ошондой эле айыпталуучулар менен адвокаттар судьялардан ишти сот арачылары менен өткөрүү тууралуу өтүнүч келтиришкен. Бул өтүнүч кийинки соттук отурумда карала турган болду.

Шаардык сотто Кемпир-Абад иши 2024-жылдын 6-августунда карала баштаган. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүү менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.

Ага чейин, 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча шектелген 22 саясатчы жана активист Биринчи май райондук сотунда акталган. Кылмыш ишин милиция козгогон.

Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “Эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алар тагылган айыпты саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон. (MKt)

Шерине

XS
SM
MD
LG