Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө 40 сомго жогорулатуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев 16-январда Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу үч комиссиясынын жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, накталай эмес жана накталай төлөмдүн ортосунда үч сом гана айырма болгондуктан эл дагы деле жол кирени накталай берип жатат.
Борбордо каттамга күнүгө 1200 автобус чыгып жатат. Ушул тапта автобуста “Тулпар” жана банк карталары менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруттук кичи автобуста 20 сом. Борбордо жол кире акыркы жолу былтыр январь айында көтөрүлгөн.
Мэрия электрондук жол кире төлөм системасын колдонууга элди кызыктыруу үчүн 2024-жылы октябрь айында коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө 40 сомго көтөрүү сунушун берип, сынга кабылган.
Борбор калаада жүргүнчүлөрдү мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине караштуу “Бишкек шаардык транспорт”, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” ташыйт. (BTo)
Шерине