Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

БУУнун атайын баяндамачысы Абдирасулованы каралоо күчөгөнүн айтты


Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор Кыргызстандан чыгып кеткен укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканын билдирип, Фейсбуктагы баракчасына кыргыз бийлиги муну иликтеши керектигин жазды.

14-январда Ютубдагы “Каганат медиа” каналына “Азиза Абдирасулованын тескей тарабы. Тарых унутулбайт” деген тема менен 4 мүнөттөн ашык видео жарыяланган. Анда убагында Азиза Абдирасулова 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин соттолуп, 2020-жылы 69 жашында Бишкекте түрмөдө каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргогону айтылат.

Азиза Абдирасулова коопсуздугуна байланыштуу 2024-жылдын декабрь айында Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Ал чөнтөк телефонуна чалып, социалдык тармактарда мазактап, коркуткан адамдар пайда болгонун айткан.

67 жаштагы Азиза Абдирасулова 2000-жылдардан бери укук коргоочу болуп иштеп келет. 2003-жылы “Кылым шамы” бейөкмөт уюмун түптөп, абактагы адамдардын, аскердеги жоокерлердин укуктарын, катардагы карапайым адамдардын укуктарын коргоп жүрдү.

2020-жылы уюмдун жетекчилигинен кеткен, бирок укук коргоочулук ишмердүүлүгүн улантып жаткан.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Азаттыкка” курган маегинде Азиза Абдирасулованы Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасаларын айткан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG