Токойлору өрттөнүп жаткан Лос-Анжелесте катуу шамал болорун эскертишти. Бул тууралуу жергиликтүү синоптиктер кабарлашты. Өрт өчүрүүчүлөр учурда Калифорниянын түштүгүндө төрт жерде тилсиз жоо менен күрөшүн улантып жатышат.
Кырсыктан 24 киши каза тапканы дүйшөмбү күнү кабарланган. Дагы 23 киши дайынсыз болууда. Ага чейин 16 киши табылбай жатканы кабарланган.
Метеорология кызматы шамалдын ылдамдыгы саатына 113 километрге жетиши мүмкүн экенин эскертишти. Бул өрттүн башка жерлерде да тутанышына алып келиши ыктымал.
Лос-Анжелестин мэри Карен Бас прогноздор "шамалдын күчү ураганга жакын болушу мүмкүн" деп айтты.
Пасифик-Палисейдс районунда 90 чарчы километр аянт күйүп жатат. Чукул кырдаалдар кызматы ал жердин 14 пайызын көзөмөлгө алышканын билдирди.
90 миңдей жергиликтүү тургунга берилген эвакуация көрсөтмөсү күчүндө калууда.
АКШнын президенти Жо Байден өрттүн кесепетин жоюуга "ондогон миллиард доллар" керек болорун дүйшөмбүдө айткан. Президент Калифорнияда масштабдуу жаратылыш кырсыгы режимин жарыялаган жана токой өртүнөн жабыркаган райондорго федералдык алкакта жардам көрсөтүү буйругун берген.
Тилсиз жоонун тутанышына эмне себеп болгону белгисиз. Чагылган, электр зымдарынын жабыркашы, атайылап өрттөө же фейерверктен башталган болушу ыктымал деген жоромолдор бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирген.
Маалыматтарга караганда, Калифорниянын түштүк тарабында былтыркы май айынан бери 2,5 миллиметр жаан-чачын жааган. Токойлордогу өрт барган сайын эрте тутанып, кечигип өчүп жатканын адистер белгилешет.
Шерине