Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

"Азаттыктын" каарманы “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйланды


"Азаттыктын" каарманы Гүлжан Тургуналиева.
"Азаттыктын" каарманы Гүлжан Тургуналиева.

"Азаттыктын" каарманы, курулуш компаниясында кранчы болуп иштеген Гүлжан Тургуналиева Мамлекеттик курулуш агенттигинин “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган мекеме жазып чыкты.

Агенттиктин жетекчиси Нурдан Орунтаев Тургуналиевага өз ишине берилген эмгеги, кесипкөйлүгү жана өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

"Азаттык" "Данисте" берүүсүндө кооптуу, түйшүктүү курулуш тармагында иштеген мээнеткеч каармандар тууралуу баяндаган.

"Азаттыктын" каарманы, курулуш компаниясынын кран оператору Гүлжан Тургуналиева.
"Азаттыктын" каарманы, курулуш компаниясынын кран оператору Гүлжан Тургуналиева.

Гүлжан Тургуналиева он жылдан ашык убакыттан бери курулуш кранын башкарып иштеп келатканын, техникага бала кезинен кызыкканын айтып берген. Учурда ал Бишкектеги 27 кабаттуу үйдүн курулушунда кран оператору катары иштеп келатат.

Курулуштагы мээнеткеч каармандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:54 0:00

Кыргызстанда соңку жылдары курулуш тармагы катуу жанданып, ондогон жаңы имараттар салынууда. Тармакта кеңседе олтуруп иштеген жумушчулардан тартып курулушта кара жумушта миңдеген кишилер жанын багууда. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG