Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Түштүк Корея: Курск облусунда түндүк кореялык 300дөй аскер набыт болду


Украин армиясы Курскиде туткунга алган түндүк кореялык аскер. Зеленскийдин расмий телеграм-каналынан алынган сүрөт. 11-январь, 2025-жыл
Украин армиясы Курскиде туткунга алган түндүк кореялык аскер. Зеленскийдин расмий телеграм-каналынан алынган сүрөт. 11-январь, 2025-жыл

Курск облусунда түндүк кореялык 300дөн көп аскер набыт болгонун "Рёнхап" агенттиги Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме менен жазды.

Атайын кызматтын эсебинде, түндүк кореялык 2700дөй аскер жаракат алып, 300дөйү набыт болду. Өткөн декабрда 100 киши каза тапканы, бир миңдейи жараланганы кабарланган.

Мекеме ошондой эле түндүк кореялык эки аскердин туткунга алынганын бышыктады. Ага чейин бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирген. Анын маалыматына караганда, Курск облусунда туткунга түшкөн түндүк кореялык эки аскер жарадар болуп, Киевге жеткирилген.

Түштүк Кореянын атайын кызматы туткундар Пхеньяндын чалгын башкармалыгында иштегенин маалымдады.

Жекшемби күнкү кайрылуусунда Зеленский Киев аларды Орусия туткунга алган украиналык аскерлерге айырбаштоого даяр деп билдирди.

Батыш чалгын кызматтары Орусия согушка түндүк кореялык 10 миңге чукул аскерди тартканын кабарлап келишет. Алардын жоготуулары тууралуу расмий бышыкталан маалымат жок.

Москва жана Пхеньян түндүк кореялыктардын согушка катышканын тастыктабаганы менен, андай маалыматтарды четке каккан эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG