12-январда Бишкекте Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Жанна Самышева кармалганын партиянын дагы бир мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Самышева Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
"Жанна Самышеваны адегенде ИИМдин "экстремизм" менен иштеген 10-бөлүмү "Тамара" кафесинде отурган жеринен кармап кетишкен. Жеке буюмдары, сумкасы ошол жерде калган. Жекшемби күнү кечинде Бишкек ШИИБдин имаратына алып келишти. Самышева жактоочуларына чалып, аны алып кетип жатканын гана айтууга үлгүргөн. Бизге эч кандай расмий түшүндүрмө бериле элек", - деди Атамбаев.
Кадыр Атамбаев Самышевага жактоочулар киргизилбей жатканын кошумчалады.
Самышева Социал-демократтар партиясынын катарында буга чейин Бишкек шаардык кеңешине талапкерлигин койгон.
Жанна Самышеванын кармалышы тууралуу укук коргоо органдары маалымат бере элек. Ал партиялаштарына козголгон ишке байланыштуубу кармалдыбы же башка ишке байланыштуубу белгисиз.
Социал-демократтар партиясынын лидери 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда аларды эки айга камакка алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып, Социал-демократтар партиясын 17-ноябрда өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.
9-январда аталган сот булардын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты.
Темирлан Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.
Партия өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп баалап келет. (AiA)
Шерине