АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн кеминде 16 адам каза болгонун NBC News округдун медициналык экспертизасына шилтеме берип жазды. Округдун шерифи Роберт Луна өрт учурунда дайынсыз жоголгон 13 адам изделип жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны мындан көп болушу мүмкүн.
Калифорниянын өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча, 7-январдан бери 15 миң гектардан ашык аянт күйүп, 12 миңден ашык имарат кыйрап калган. Учурда үйлөрүнөн эвакуацияланган 153 миңге жакын тургунду убактылуу жайгаштыруу үчүн борборлор ачылды. Дагы 166 миң кишиге эвакуациялоо тууралуу эскертүү берилди.
Учурда штатта алты токой күйүп жатат. Алардын эң ириси Палисейдс аймагында багытын өзгөртүп, чыгышты көздөй жайылып, өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн ишин кайрадан жандантты.
Жергиликтүү бийлик коюу, уулуу түтүндөн улам өзгөчө кырдаал жарыялады. Өрт учурунда металлдардын, желим же башка синтетикалык материалдардын бөлүкчөлөрү абага тараган.
Лос-Анжелеске Улуттук гвардиянын аскерлери тартылып, алар кароосуз калган үйлөрдү кайтарууда. Шаарда кечки саат алтыдан таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизилди. Мародерчулукка айыпталып, кеминде 20 адам камакка алынды.
Президент Жо Байден тилсиз жоону "чоң кырсык" деп атап, АКШ өкмөтү кийинки алты ай ичинде калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдардын 100% төлөй турганын убада кылды.
Америкалык компаниялар өрт кырсыгынан жапа чеккендерге каражат бөлүп жатышат. Walt Disney Co. кырсыкты жоюу жана жапа чеккендерге жардам көрсөтүү үчүн 15 миллион АКШ долларрын бөлөрүн жарыялады. Корпорациянын жарыясында каражат "Кызыл чырым" уюму, Лос-Анжелестин өрткө каршы фонду жана аймактын азык-түлүк банкынын ортосунда бөлүштүрүлөрү кабарланган. Улуттук футбол лигасы (NFL) кайрымдуулук фондунан беш миллион АКШ долларын бөлөрүн жарыялады.
AccuWeather жеке компаниясы экономикалык чыгым 150 миллиард доллардан ашышы мүмкүн экенин билдирген. (AiA)
Шерине