Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) “Түрк Жибек жолу” долбоору уникалдуу туристтик маршрутту санариптик платформага чыгарып, саякатчыларга чөлкөмдөгү бай мурастарды таанытууга багытталган. Ал эми “Табаррук зиярат” долбоору түрк дүйнөсүнүн ыйык жана руханий жерлерин бириктирип, элдердин маданий жана тарыхый байланыштарын чыңдайт.
Ошондой эле ТМУ кышкы туризмди да активдүү өнүктүрүүдө. Түрк тоо лыжасы курортторунун биримдиги аймактын кооздугун гана эмес, активдүү эс алууну сүйгөндөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Жалал-Абад шаары 2025-жылы "Түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору" деп жарыяланды.
ТМУ экотуризмди да жигердүү түрдө алга сүрөйт. Соңку жылдары туризм тармагында кесиптик даярдоо программаларынын алкагында 1500дөн ашуун адис окуудан өттү.
9-январда Дубайда өткөн эл аралык жыйында ТМУнун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиев 2024-жылдагы "Дүйнөлүк туризм лидери" сыйлыгын алды. Бул сыйлык жыл сайын туризм тармагында ийгиликке жеткендерге ыйгарылат.
2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.
Шерине