Нью-Йорк сотунун судьясы АКШнын шайланган президенти Дональд Трампты алдамчылык иши боюнча "эч бир шарт койбой бошотууга" өкүм кылды.
10 күндөн кийин Ак үйдө кызматка расмий кирише турган Трамп козголгон иште 34 берене боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок ага эч кандай жаза чегерилген жок.
Манхэттендеги судья Хуан М. Мерчан чечим чыгарар алдында бардык фактыларды карап чыкканына карабастан, Трампка президент катары бериле турган укуктук коргоо чаралары "баарынан жогору турарын" эске алганын 10-январдагы жыйында билдирди.
Сот Трампты төрт жылга эркинен ажырата алмак.
"Эч кандай шартсыз бошотуу" деген Трамп түрмөгө камалбайт, ага айып пул чегерилбейт, эч кандай сыноо мөөнөтү берилбейт, бирок анын соттуулугу калат дегенди билдирет.
Трамп соттолгон жаран катары АКШда президенттик кызматка киришкен өлкө тарыхындагы биринчи мамлекет башчы болуп калат.
Ал соттолгон жаран катары айрым чектөөлөргө туш болот. Маселен, өмүрүнүн аягына чейин ок атуучу курал-жарак сатып ала албайт. Башка дагы чектөөлөр ар бир штаттын өз мыйзамдарына ылайык болот.
78 жаштагы Трамп сот залына келген жок. Ал адвокаты менен Флоридадагы үйүнөн процесске онлайн катышты.
Трамп порноактриса Сторми Даниэлстин оозун жабуу үчүн мурдагы адвокаты Майкл Коэн аркылуу 130 миң доллар төлөгөнүн "жашыруу максатында иш кагаздарын бурмалаган" деген айып боюнча күнөөлүү деп табылган.
Даниэлс бир кезде Трамп экөөнүн ортосунда болгон интимдик катнаш тууралуу 2016-жылкы шайлоо алдында айтып чыгууну көздөгөн. Трамп порноактриса экөөнүн ортосунда кандайдыр бир мамиле болгонун четке каккан.
Ал өзүнүн күнөөсүз экенин, мунун баары 2024-жылкы шайлоодон аны четтетүү үчүн атайылап уюштурулганын билдирген. Сот иштерине карабастан ал былтыр ноябрда болгон шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи жеңди.
"Мунун баары менин аброюма шек келтирип, шайлоодо жеңилип калышым үчүн жасалган. Албетте, ал ишке ашкан жок", - деди Трамп 10-январдагы сотто.
Дональд Трамп 20-январда Вашингтондо ант берип, президенттик кызматка расмий киришет.
Шерине