Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

ТИМ: Лос-Анжелестеги өрттөн жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан. Январь, 2025

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы өрттөн жабыркагандардын арасында мекендештер катталбаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 10-январда тараткан маалыматка ылайык, Чикаго шаарындагы Башкы консулдук Калифорния штатында жарыяланган чукул кырдаалга байланыштуу ал жакта жашаган кыргызстандык жарандар менен тыгыз байланышта болууда.

"Азыркы учурга карата Лос-Анжелестеги өрттө жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары катталган жок", - деп билдирди министрлик.

Мекеме Калифорния штатындагы кыргызстандыктарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө жана көрсөтмөлөрдү аткарууга, сак болууга жана өрт курчаган аймактарга баруудан карманууга чакырды.

Кыйынчылык же башка зарылчылык жаралган учурда Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугуна +1 312 929 34 42 телефону аркылуу байланышуу сунушталды.

Лос-Анжелесте катуу шамалдан улам 7-январдын кечинде тутанган өрт тез жайылып баратканы кабарланган. Шаарды каптаган өрт кеминде беш кишинин өмүрүн алган, 130 миңдей тургунга коопсуз жерлерге көчүү көрсөтмөсү берилген. Көптөгөн турак жай, имарат өрттөнгөнүн маалымат агенттиктери жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып жазышты. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG