Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Зеленский АКШны коопсуздук кепилдиктерин берүүгө үндөдү


Владимир Зеленский Лекс Фридман менен маек учурунда. Киев, 6-январь, 2025-жыл.
Владимир Зеленский Лекс Фридман менен маек учурунда. Киев, 6-январь, 2025-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен согушту аяктоо үчүн анын өлкөсүнө коопсуздук кепилдиктери АКШ тараптан берилсе гана "маңыздуу" болорун билдирди. Америкалык белгилүү блогер жана подкаст автору Лекс Фридман менен 3 сааттык маекте украин лидери АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп менен 20-январда өтө турган инаугурациясына чейин жолугушууга үмүттөнөрүн айтты.

Киевде уюштурулган интервьюда Зеленский Украинага коопсуздук кепилдиктери берилбестен ок атуу токтотулса, Кремль тыныгууну жаңы чабуулдарга даярдык үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп кайталады.

Орусия кошуна өлкөсүнө каршы согуш ачканына февралда 3 жыл болот. Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин кандай саясат жүргүзөрү белгисиз.

Шайланган президент согушка чекит коюуга убада кылганы менен Киевге берилген жардамдын көлөмүн сындап келатат. Урушту токтотуу планынын чоо-жайын да жарыялай элек.

Бийликтеги мөөнөтү соңуна чыгып жаткан президент Жо Байден 4 жылда Украинага 60 млрд долларга жардам бөлгөн.

Зеленский Орусия басып киргенде аскердик жардам берген эмес деп Батыш өнөктөштөрүн сындады.

Анын пикиринде, Москвага каршы санкциялар согуш башталгандан кийин эмес, ага чейин киргизилиши керек болчу.

Зеленский Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко анын өлкөсү тараптан Украинага ракета атылганы үчүн кечирим сураганын айтты.

Интервью украин жана англис тилдеринде жүргүзүлдү.

Шерине

XS
SM
MD
LG