Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Лейлекте жардыргыч заттан жабыркаган эки бейтап Ошко дарыланууга жиберилет


Окуя болгон жер. Арка-2 айылы. 5-январь, 2025-жыл.
Окуя болгон жер. Арка-2 айылы. 5-январь, 2025-жыл.

5-январь күнү жардыргыч заттан жабыркаган эне-бала санавиация менен Оштогу ооруканага дарыланууга жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бейтаптарды жеткирүү бардык зарыл болгон медициналык жабдууларды колдонуу менен тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө жүргүзүлөт", - деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарга Лейлектин Кулунду айылындагы үй-бүлөлүк медицина борборунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөнүн, алардын абалы оор бойдон калып жатканын билдирди.

5-январь күнү саат 16:20 чамасында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-2 айылынын жашоочулары: 32 жаштагы А.Н. (аял киши) жана анын 11 жаштагы кызы К.А. өздөрү жашаган үйдүн короосун жыйнап жатып, эски темирлердин арасынан белгисиз затты алып, үйдүн жанындагы бетонго таштаган учурда ал жарылып кеткен. Натыйжада А.Н бетинен, кызы бутунан жаракат алып, ооруканага түшкөн.

Жарылуу болгон үй, Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылы атышуунун кесепетинен дээрлик толук өрттөнүп кеткен.

Милициянын маалымдашынча, окуя болгон жерге инженердик сапердук топ чакырылып, курчоого алынган.

Жарылуу болгон үйдүн тургуну, 39 жаштагы А.К. белгисиз жардыргыч зат 2022-жылдын 16-сентябрындагы коңшу өлкө менен болгон куралдуу жаңжалдан калган болушу мүмкүн экендигин билдирген. Бул жагдай боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, экспертизалар дайындалып, алгачкы текшерүүлөр башталды. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG