Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

Украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштаганы кабарланды


Украин армиясынын чопкутталган аскердик техникасы 12-август, 2024-жыл
Украин армиясынын чопкутталган аскердик техникасы 12-август, 2024-жыл

Украин армиясы Курск облусунда орус аскерлерине «бир нече багыттан күтүүсүздөн чабуул койгонун» Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин дезинформацияга каршы борборунун башчысы Андрей Коваленко жекшембиде билдирди.

Украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак дагы бул маалыматты ырастап, «Орусия өз кылганы үчүн жообун алып жатат» деп Телеграм-каналына жазды.

Украин армиясынын контрчабуулу тууралуу орус армиясын колдогон айрым блогерлер да кабарлашты. Украин аскерлери Курск багытында «чакан топтор» менен илгерилеп баратканан орус армиясына жакын Мash телеграм-каналы да жазды.

Кабарларга караганда, украин жоокерлери былтыр августтан бери көзөмөлдөп турган Суджа районунун борборунан Курск шаарынан болжол менен 70 чакырым жердеги Большое Солдатское багытында баратат.

Киев Курскидеги жаңы контрчабуулу тууралуу расмий маалымат бере элек.

Орусиянын коргоо министрлиги ТАСС мамлекеттик маалымат агенттигине «Курск багытында орус армиясынын алдыга жылганын токтотуу үчүн Москва убактысы боюнча саат эртең мененки тогузда украин куралдуу күчтөрү контрчабуулун баштаганын» билдирди.

Украин аскерлери Орусиянын Курск облусуна былтыр 6-августта кирип, бир нече күндө 70 чакты айыл-кыштакты алганы кабарланган. Алар азыр дагы бир нече жерди ээлеп турушат. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин "орус тарапка да сездирүү" экенин белгилеген.

Орусия Курскиден украин күчтөрүн сүрүп чыгаруу үчүн Түндүк Кореядан 11 миңден ашык аскер алып келгени былтыр жыл соңунда кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG