Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Орусиянын Украина аркылуу газ транзити токтоду


Орусия Украинага басып киргенден кийин Германиянын Бельгиядагы элчилигинин алдында Украинаны колдогон демонстранттар. Брюссель, 11-март, 2022-жыл
Орусия Украинага басып киргенден кийин Германиянын Бельгиядагы элчилигинин алдында Украинаны колдогон демонстранттар. Брюссель, 11-март, 2022-жыл

Орусиянын "Газпром" компаниясы Москва убактысы боюнча эртең менен саат 8де Украина аркылуу газ транзитин токтотту. Украинанын "Нафтогаз" компаниясы менен "Газпромдун" беш жылдык келишиминин мөөнөтү аяктады.

Киев орус газынын транзити токтогонун ырастады.

"Бул тарыхый окуя. Орусия базарды жоготууда жана каржылык жоготууларга учурайт", - деди Украинанын энергетика министри Герман Галущенко.

Мындай кадам улуттук коопсуздук максатында жасалганы айтылат украин тараптын билдирүүсүндө.

Украина буга чейин транзит келишимин узартуудан баш тартып келген. Орус президенти Владимир Путин 2025-жылдын башына чейин жаңы келишим түзүү мүмкүн эместигин айткан.

Орусиянын Украина аркылуу өткөн газ кууру Словакиянын аймагына чыгат.

Братислава орус газын алууну улантууну көздөп, Украинадан келишимди узартууну талап кылган. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо орус газынын транзити токтосо, Европа Биримдиги жылына 60–70 миллиард евро чыгым тартарын билдирген. Фицо ЕБдин жетекчилигине ачык кат жолдоп, Украинанын бийлигин мындай чечим үчүн сынга алган.

Роберт Фицо 22-декабрда Москвага сапар менен барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Тараптардын күтүүсүз жолугушуусунан кийин 23-декабрда Братиславда миңдеген киши өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG