31-декабрдын таңында баш калаа Киевде ракеталык коркунуч тууралуу эскерткен сиреналар кайрадан жаңырды. Атып түшүрүлгөн ракеталардын биринин сыныгы менчик турак жайга түшкөнүн калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко жазды.
"Киевге жасалган ракеталык соккунун жыйынтыгында баш калаанын Дарницкий районуна сыныктар түшкөн. Маалыматка караганда, алар менчик үйдүн чатырына тийген. Өрт же олуттуу талкалоо катталган жок. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок",- деди Попко.
Сумы облусунда Шостка шаары катуу чабуулга дуушар болду. Аймак башчысы Николай Нога билдиргендей, 12 көп кабаттуу үй, эки билим берүү мекемеси, бейтапкана, жатакана жана башка социалдык обьектилер жабыркады. Ал арада Орусиянын Смоленск облусундагы мунай базасына 31-декабрга караган түнү дрондордун чабуулу болуп, өрт тутанды.
Учурда ал жакта куткаруучулар иш алып барууда. Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн жети облусунда 68 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Киев Орусиянын аймагында болгон окуяларга комментарий бербейт.
30-декабрда Москва менен Киев кезектеги туткун айырбаштоо жараянын өткөрүштү. Анын алкагында Орусияга 150, ал эми Украинага 189 аскер кайтарылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргиндей, бул жолку айырбаштоо кайрадан Бириккен Араб Эмирликтеринин ортомчулугу менен ишке ашты. Орусия Украинга кол салганы эки тарап 59-жолу туткундарды алмашты.
Шерине