Ички иштер министрлиги (ИИМ) блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканына байланыштуу 26-декабрда билдирүү таратты. Маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Министрлик анда Жолболдуеванын кылмыш ишинин тарыхы тууралуу баяндап, ага коюлган айыптар, соттун өкүмү, анын андан кийин башка фактылар боюнча кармалганы тууралуу маалымдайт. ИИМ блогер буга чейинки соттук отурумдарда зордуктоо жөнүндө айтпаганын белгилеп, анын соңку сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттады.
“Батма Жолболдуева аттуу жаран Фейсбук социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында түз эфирде кайрылуу жасап, Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында камакта олтурган убакытта зордук көргөнүн айтып чыккан. Кайрылуу учурунда көзүнө жаш алып, элдин назарын буруу аракетин жасады. […] Батма Жолболдуева учурда айтып жаткан 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүсүн ал тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Анын “милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм” деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кечээ, 25-декабрда түз эфирде видеокайрылуу жасап, 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыкты. Ал абакта отурганда түрдүү кысымга кабылганын, жакындары алып келген тамак-ашты, кийим-кечени алып коюшканын да билдирди.
35 жаштагы Батма Жолболдуева Баткендеги ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолору жарыялаган блогер. Ал 2022-жылы мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан.
Баткен милициясы ага аймактагы журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “Документтерди жасалмалоо” жана “Бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.
2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Жолболдуеваны эки берене – “Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” жана “Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу” боюнча актаган. “Ээнбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган. “Документтерди жасалмалоо” беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген. Бул өкүмдү кийин Жогорку сот күчүндө калтырганын Батма Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева "Азаттыкка" билдирди. (ErN)
Шерине