Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Парламент дин боюнча мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 26-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Депутат Дастан Бекешев долбоордо жүзүн жаап жүргөн жаранга салынчу айыптын көлөмү 20 миң сом деп көрсөтүлгөнүн айтып, аны 5 миң сомго түшүрүүнү сунуштады.

“Себеби автоунаанын айнегин караңгылатканга, сойкулукка 20 миң сом айып каралган, бейбаштыкка 5 жарым миң сом, коюлган чектен 60 чакырым саат ашыкча ылдамдык менен айдаганга 15 миң сом, ал эми жүзүн толук жапканга 20 миң сом айып. Бул эмне дегени? Жөлөк пулду алсак, араң эле 8 миң сомго чыгат. Ачык айтсак, жүзүн жамынгандардын көбү жакыр жашагандар”, - деди Бекешев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов айыптын көлөмүн азайтууга каршы экенин айтып, азырынча ушул шартта иштетип көрүүнү сунуштады.

Депутат Сүйүн Өмүрзаков каралган мыйзамдын арты менен даабатка тыюу салынбай турганын коомчулукка туура жеткирүү зарылдыгын, бул жаатта дин ишмерлери иш алып барышы керектигин айтты.

“Эшик такылдаткан боюнча бир канча маселе жаралып атат. Бул боюнча Ички иштер министрлигинде кандай кылмыштар катталганы боюнча маалымат бар. Көйгөйлүү маселелер болуп жатат, бирок даабат токтогон жок деп элге туура маалымат беришибиз керек”, - деди Өмүрзаков.

Бул мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу да өткөрүлгөн. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн Элдик курултайда да пикирин билдирип, даабатка тыюу салынбай турганын, бул иштерди мечиттерде, социалдык тармактарда жүргүзүүгө уруксат экенин белгилеген.

Мыйзам долбооруна кол коюлса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объектилерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты.

Шерине

XS
SM
MD
LG