Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Орус армиясы Украинанын аймагына 72 дрон менен чабуул койду


Орус армиясынын Украинанын аймактарына жасаган аба чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.
Орус армиясынын Украинанын аймактарына жасаган аба чабуулунун кесепети. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын армиясы 23-декабрга караган түнү Украинанын аймагына ондогон дрон менен чабуул койду. Алардын саны 70тен ашканын украин армиясынын Аба күчтөрү билдирди. 50гө жакыны абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Чабуулдан улам Хмельницкий жана Киев облустарында жеке ишканалар жана менчик турак жайлар жабыркаганы кабарланды.

Хмельницкий облустук администрациянын башчысы Сергей Тюрин билдиргендей, кол салуудан бир киши жараат алды. Ал эми Киев облусунун администрация жетекчиси Руслан Кравченко атып түшүрүлгөн дрондордун сыныгынан электр зымы жабыркаганын билдирди. Электр жарыгы айрым райондордо бир канча убакыттан кийин калыбына келтирилди.

22-декабрда Орусиянын Орлов, Ростов, Брянск облустары дрон чабуулдарына кабылган. Орусиянын Коргоо министрлиги муну Украинадан көрдү.

Орлов облусунун облусунун губернатору Андрей Клычков Стальной конь айылында мунай базасына кайрадан сокку урулуп, өрт чыкканын жана кийин өчүрүлгөнүн билдирген.

Ростов облусунда дрондор мунай базалары жайгашкан Таганрог жана Новошахтинск кыштактарына чабуул койгон.

Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок. Украина тарап бул маалыматтарга комментарий берген жок. Согуш кырдаалында кабарлардын чын-бышыгын ыкчам тактоо мүмкүн болбой турат.

Шерине

XS
SM
MD
LG