Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Москвада Путин менен жолукту


Роберт Фицо менен Владимир Путин.
Роберт Фицо менен Владимир Путин.

Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Кремлде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жекшемби күнү кечинде Кремлдин маалымат пулуна кирген Биринчи каналдын кабарчысы Павел Зарубин билдирди. Ал ошондой эле Путин менен Фицонун жолугушуусунан тогуз секунддук видео жарыялады.

Би-би-синин жазганына караганда, Фицо Москвада Путин менен болгон жолугушуусунда Украинадагы согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселесин талкуулаган.

«Владимир Путин менен узак маектешүүдө биз Украинадагы аскердик кырдаал, согушту тезирээк тынчтык жолу менен аяктоо мүмкүнчүлүгү жана Словакия менен Орусиянын ортосундагы мамилелер жөнүндө пикир алмаштык. Мен бул мамилелерди нормалдаштырууну көздөйм. Мындан тышкары, Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташына 80 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чаралар да көмөк көрсөтөт», — деп жазды Роберт Фицо Фейсбук баракчасына.

Фицо ошондой эле анын Москвага болгон сапары Украина президенти Владимир Зеленскийдин Украина аркылуу газ транзитине каршы экендиги жөнүндө айткандарына жооп болгонун билдирди.

Словакия Орусиянын газын Украина аркылуу алат. «Газпром» менен Украинанын «Нафтогаз» компаниясынын транзиттик келишими быйыл аяктайт. Зеленский Киев бул келишимди узартууга ниети жок экенин айткан.

Фицо эгерде Украина Орусиянын газын өз аймагы аркылуу өткөрүүгө уруксат бербесе, эки өлкөнүн ортосунда карама-каршылык жаралышы мүмкүн экенин белгиледи.

«Владимир Путин Орусия газды Батышка жана Словакияга жеткирүүнү улантууга даяр экенин тастыктады. Бирок бул 2025-жылдын 1-январынан кийин Украина президентинин позициясын эске алганда дээрлик мүмкүн эмес», — деп кошумчалады Фицо.

Бул Словакиянын лидери Роберт Фицонун Украинадагы согуш башталгандан кийин Москвага алгачкы сапары болуп саналат. 2022-жылдын февраль айынан бери Батыштын саясатчылары, өзгөчө мамлекет башчылары, Орусияга абдан сейрек барышат. Акыркы үч жылда Москвага нейтралдуу Австриянын канцлери жана Фицонун саясий союздашы, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан гана барган.

Буга чейин Роберт Фицо 2025-жылы 9-майда Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого катышуу үчүн Москвага келерин билдирген.

Фицо, Орбан сыяктуу эле, Украинадагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн тез арада баштоону колдогон саясатчы катары өзүн көрсөтөт. Ал Орусиянын Украинага кол салышын сындаган эмес. Тескерисинче, Киевди согушту улантууга умтулуп жатат деп айыптап, сындап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG