Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:59

Президент Жапаров мечиттеги имамдарга маяна берилерин айтты


Бишкектеги мечиттердин бири, 1-июль, 2015-жыл
Бишкектеги мечиттердин бири, 1-июль, 2015-жыл

Президент Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан Кыргызстандагы бардык айыл аймактардын имамдарына 8 миң сомдон маяна берилип жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда сүйлөп жатып айтты. Алдыда март айынан тарта өлкө боюнча бардык мечиттин имамдарына айлык маяна бериле баштай турганын, жалпы 4 миңдей мечит бар экенин билдирди.

Маяна башында 8 миң сомдон берилип, жылдын соңунда 20 миң сомго көтөрүлөрүн тактады.

“Албетте, мамлекеттик бюджеттен бөлгөн жокпуз. Анткени дин менен мамлекет эки бөлөк. Булактарын таптык, азыр муфтий мырза менен кеңешип, ушуну кылып жатабыз”, - деди Жапаров.

Мындан тышкары ар бир мечитте битир-садага чогултууга QR-коддор коюлуп, каражат муфтияттын эсебине түшө турган система түзүлөрүн кошумчалады.

Президент Жапаров даабат тууралуу да сүйлөп, ал тыйылбай турганын, үймө-үй кыдырууга гана чектөө кирип жатканын билдирди. Ал азыркы учурда технологиялар өнүккөнүн, динди таратууга уюлдук телефондун мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керектигин айтты.

Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.

Министрлер кабинети сунуштаган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объектилерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий иштерге катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медресе жана башка диний мекемелер каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Шерине

XS
SM
MD
LG