Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

Германия: Жарманкеге чогулгандарды машине сүзгөндө төрт киши набыт болду


Жаңы жылдык жарманкеге топтолгондорду машине сүзгөн жерде полиция, "Тез жардам" жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү иштеп жатышат. 20-декабрь, 2024-жыл.
Жаңы жылдык жарманкеге топтолгондорду машине сүзгөн жерде полиция, "Тез жардам" жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү иштеп жатышат. 20-декабрь, 2024-жыл.

Германиянын чыгышындагы Магдебург шаарындагы жаңы жылдык жарманкеге топтолгон адамдарды машине сүзүп, төрт кишинин өмүрү кыйылды, 200дөн ашуун адам жараат алды. Набыт болгондордун арасында кичинекей бала бардыгын жергиликтүү бийлик билдирди. 90 кишинин алган жарааты оор экени кабарланды.

Чогулгандарды машине менен сүзгөн шектүү кармалды. Саксония жергесинин администрация башчысы Райнер Хазелофф кармалган киши 50 жаштагы теги сауд арабиялык экенин айтты. Ал Германияга 2006-жылы келип, дарыгер болуп иштеп жүргөн. Анын эмне себептен мындай ишке барганы белгисиз.

"Франс-пресс" агенттиги жазгандай, BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү жеңил автоунаа катуу барып, топ адамды 400 метрдей жиреп кирип токтогон.

Германиянын канцлери Олаф Шольц "Набыт болгондорго терең кайгырып, алардын жакындары менен биргемин", – жазды. Бүгүн ал каргашалуу окуя болгон жерге барат.

2022-жылы Берлиндеги көчөлөрдүн биринде бараткандарды автоунаа сүзүп, бир адам каза болуп, отуздан көбү жараат алган. Ал эми 2016-жылы Берлиндеги жаңы жылдык жарманкеге топтолгондорду жүк ташуучу унаа сүзүп, 12 кишинин өмүрү кыйылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG