Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

2025-жылы Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнөт


Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнө турганын Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 20-декабрда Элдик курултайда билдирди.

“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өңдүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп парламенттин трибунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, - деди Нурланбек Шакиев.

20-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайга 698 делегат катышууда. Алардын 539у эркектер, 161и аялдар жана 61 делегат - Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү. Андан тышкары 30 делегат - Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Шерине

XS
SM
MD
LG