Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

АКШ жана Британия Медведевдин комментарийин "жоопкерсиздик" деп атады


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Британия жана АКШ бийликтери Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевдин комментарийин жоопкерсиздик деп сыпатташты.

Лондондогу Times гезити генерал Игорь Кирилловго кол салууну “коркунучка туш болгон өлкөнүн мыйзамдуу коргонуу аракети” деп атаган. Мурдагы президент Медведев аны комментарийлеп, Москва ошол эле логикага салса, НАТОнун жана Киевге өнөктөш мамлекеттердин расмий адамдары “мыйзамдуу аскердик бутага айланарын” айткан.

АКШнын Мамлекеттик департаменти “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна бул комментарий Кремлдин жоопкерчиликсиз сөзү экенин айтып, Вашингтон менен НАТО Орусия менен куралдуу жаңжалга барууну эч качан көздөбөгөнүн кайталады.

17-декабрда Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер Вашингтондун кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун, ал тууралуу алдын ала кабардар болбогонун белгилеген.

Британиянын тышкы иштер министрлиги Медведевдин айткандарын "Путиндин пропаганда машинасынын дагы бир мисалы" деп сыпаттады. Премьер-министр Кир Стармердин басма сөз катчысы комментарийди Путиндин өкмөтүнүн "кезектеги айласыз риторикасы" деп атады.

Радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлеринин командачысы, генерал-лейтенант Игорь Кириллов шейшембиде эртең менен үйүнөн чыгып баратканда жардыруудан жардамчысы менен кошо набыт болгон.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө расмий түрдө алган жок.

Генералды жок кылуу операциясын Украинанын коопсуздук кызматы уюштурганын ал мекемедеги булактар “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна, AFP, "Би-Би-Си" жана бир катар маалымдоо каражаттарына айтып берди.

Бул маалыматты көз карандысыз тараптардан бышыктоо мүмкүн эмес.

16-декабрда украин Коопсуздук кызматы Кирилловго химиялык курал колдонуудагы ролу үчүн сыртынан айып тагылганын билдирген. Андай куралга 1993-жылкы эл аралык конвенция тыюу салат жана келишимди бузуу согуш кылмышы болуп эсептелет.

Орус атайын кызматы Кирилловду өлтүрүүгө шектелген киши кармалганын, ал украин атайын кызматы жалдаган өзбек жараны экенин шаршембиде маалымдады. Бирок эч кандай далилдерди келтирген жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG