Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Парламент жалаа жабуу, мазактоого айып салган долбоорду үчүнчү окууда колдоду


Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 14-октябрь, 2022-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон жүрүш. 14-октябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңеш 19-декабрдагы жыйынында интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Документти 68 депутат колдоду. Төрт эл өкүлү – Элдар Абакиров, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев “каршы” добуш берди. Жыйында документ боюнча бир да депутат суроо берген жок.

Мыйзам долбооруна президент кол койсо эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиаларга 65 миң сом айып пул салынат.

Документтин баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чече турганы жазылган. Ошондой эле жалган кабарларды же пост, комментарийлерди жазган колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилери белгиленген.

Бул коомчулукта нааразылыкты жаратып, кийин айып пул азайтылып, арыздарды карай турган орган алмашкан.

Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиалар жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG