Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулганы расмий ырасталды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Акылбек Жапаров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылат.

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткарат. Аны кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Өкмөт ишин уланта берет.

Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлык менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Акылбек Жапаров кызматтан кеткени 16-декабрда белгилүү болгон. Ал жетектеген Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында кызматка киришкен.

64 жаштагы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград каржы-экономика институтунун экономист адистигин аяктаган.

Эмгек жолун 1984-1988-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетинин экономика жана пландаштыруунун экономикалык-математикалык ыкмалары боюнча илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери болуп баштаган.

2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетектеп, экономика министринин орун басар кызматын аркалаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG