Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:08

Казакстанда эки активист "бейбаштык, бийлик өкүлүнө баш ийбеген" деген айып менен камалды


Астанадагы административдик соттун имараты.
Астанадагы административдик соттун имараты.

Казакстандын Мангыстау облусунда активист Улболсын Турдиева "бейбаштыкка" айыпталып, беш суткага камалды. "Азаттыктын" казак сайты билдиргендей, сот отурумунан соң ал: "Токаевдин жаңы Казакстанында сотко келип, бир нерсе талап кылууга мүмкүн эмес. Бейбаш, кылмышкер кылып коюшат" , - деп сүйлөп, видео тарткан. Активист өзүнүн кармалышын "саясий куугунтук" деп атады.

Сот чечиминде Улболсын Турдиева 28-ноябрь күнү Мунайлин райондук сотуна келип, "адамдардын абийирин шек келтирген сөздөрдү айтып, айланасындагы адамдарды сыйлабаган жүрүм-туруму үчүн" айыпталганы жазылган.

Дагы бир активист Сандугаш Кантарбаева Астанада 15 суткага камалды. Ага "бийлик өкүлүнө баш ийбеген" деген айып тагылды. Камалардын алдында Кантарбаева сот чечимине макул эместигин, ачкачылык жарыялай турганын айтты. Ага карата чыккан сот чечиминде 20-ноябрь күнү активист "полициянын мыйзамдуу талабына баш ийбей, каршылык кылганы" жазылган. Ал күнү активисттер тобу Юстиция министрлигинин алдына чыккан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылган.

20-ноябрь күнү катталбаган "Алга, Казакстан" партиясынын демилге тобунун мүчөлөрү Юстиция министрлигине келип, каттоого туруу өтүнүчүн беришкен. Андан кийин мекеменин коомдук кабылдамасына барышкан. Полиция ошол учурда 102 номуруна "иштөөгө тоскоолдук жаратып жаткан адамдар тобу" тууралуу чакыруу келип түшкөнүн билдирүүдө.

"Активисттер - экстремисттер эмес" тобу өлкөнүн башка аймактарында да активисттерди кармап, камоолор уланып жатканын кабарлады. Аларды куугунтуктоо Казакстандын көз карандысыздык күнү - 16-декабрдын алдында күч алганы айтылды. Бийлик мындай маалыматтарга комментарий бербейт. Астана саясий куугунтуктар тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

14-декабрда полициянын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн Ички иштер министрлиги маалымдады. Полиция кызматкерлеринин саны атайын объектилерде жана эл көп чогулуучу жерлерде көбөйтүлгөн.

16-декабрда Казакстан эгемендик күнүн майрамдайт. Ушул эле күнү 1986-жылдагы кандуу Желтоксан жана 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктары эскерилет.

1986-жылдын 16-19-декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы, же Казакстан ССРинин Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин 1-катчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна мурда өлкөдө иштебеген Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан.

Бул акция күч менен таратылып, ал кийин куугунтук жана басым-кысым менен коштолгон. “Желтоксон козголоңу" күч менен басылган соң 90дон ашуун адам сот жообуна тартылган. Бул кандуу окуянын айынан соттолгондор Советтер Союзу таркагандан кийин гана акталган. Желтоксон окуясында канча адам өлгөнү алигиче так белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG