Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:07

Иранда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти 10 жылга кесилди


Реза Вализаде.
Реза Вализаде.

Ирандын соту "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Реза Вализадени 10 жылга кести. Ал “америкалык душман өкмөткө” иштеген деп айыпталды. Судья мамлекеттик айыптоочу катары да сүйлөдү.


АКШнын жана Ирандын жараны Вализаде жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин да эки жылга чейин өлкөдөн чыга албайт. Ага Тегеранда же анын чет жакасында жашоого, саясий уюмдарга аралашууга да тыюу салынганын "Фарда" радиосу кабарлады.


Риза Вализаде "Фарда" радиосунда ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фарс тилиндеги кызматы) он жыл иштеп, эки жыл мурун кеткен. Вализаде быйыл жыл башында Иранга үй-бүлөсүн көргөнү барганда кармалып, камакка алынган.

Анын камакка алынышына Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматы менен кызматташуудан баш тартканы себеп болгон. Бул тууралуу журналист сотто айтты.


АКШнын мамлекеттик департаменти Вализаденин кармалышын айыптап, “эл аралык нормалардан тыш, адилетсиз” деп сындаган. "Чек арасыз кабарчылар" уюму жана Журналисттерди коргоо комитети Ирандын бийлигин аны токтоосуз бошотууга чакырган.

Кош жарандыгы бар ирандыктар буга чейин да Ислам жумуриятында атайын кызмат тарабынан кармалып, кылмыштарга айыпталган. Көбүнүн мүлкү конфискацияланган же камакка алынган. Айрымдарынын Ирандагы жакындарына кысым көргөзүлүп келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG