Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:42

Зеленский: Украина НАТОго мүчө болгуча чет элдик аскерлерди жайгаштыруу маселесин караштырат


Президент Владимир Зеленский жана Германиянын Христиан-демократтар партиясынын лидери Фридрих Мерц. Киев, 9-декабрь 2024-жыл
Президент Владимир Зеленский жана Германиянын Христиан-демократтар партиясынын лидери Фридрих Мерц. Киев, 9-декабрь 2024-жыл

Президент Владимир Зеленский Украина НАТОго мүчө болгуча чет элдик аскерлерди өлкө аймагына убактылуу жайгаштыруу маселесин караштыруу ыктымалдыгын билдирди.

9-декабрда Киевде германиялык оппозициялык партиянын төрагасы Фридрих Мерц менен биргелешкен пресс-конференцияда президент Украинанын коопсуздугу НАТОго мүчөлүктү гана эмес болочокто Москванын агрессиясын алдын алуу үчүн Европа биримдигине кошулууну да камтууга тийиш деп айтты.

"Украина НАТОго мүчө болгонго чейин тигил же бул өлкөнүн аскердик контингенти аймагыбызда кала бериши мүмкүн", - деди ал.

Бир нече ай мурун француз президенти Эммануэл Макрон европалык күчтөрдү Украинага жайгаштырууга чакырган.

Зеленский маселе боюнча консультациялар жүрүп жатканын, Киевге коопсуздук кепилдиктерин берүү маанилүү экенин белгиледи.

Украина дээрлик үч жылга созулган согушту дипломатиялык жол менен жөнгө салууга даярдыгын акыркы күндөрдө көбүрөк ишарат кылып калды.

Зеленский дүйшөмбү күнү телеграм-каналындагы постунда АКШ президенти Жо Байденге телефон чалып Украинанын НАТОго мүчөлүгүн талкууларын айтты.

Орусия кол салган 2022-жылдын февралынан бери Киев Батыштагы өнөктөштөрүнөн коопсуздукту камсыздоого олуттуу кепилдик чараларын сурап келатат.

Орус күчтөрү акыркы айларда майданда алдыга жылып, ушу тапта кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% көзөмөлгө алган.

Ал тапта Байден администрациясы бийликти өткөрүп берер алдында Украинаны курал-жарак менен камсыздоону күч алдырды.

Ал эми шайланган президент Дональд Трамп жекшембидеги интервьюсунда анын инаугурациясынан кийин Киевге берилчү аскердик жардам азаяшы ыктымал деп билдирди.

7-декабрда Трамп Парижде Зеленский жана Макрон менен сүйлөшүү өткөргөн. Украин лидери жолугушууну “жемиштүү” деп баалады.

Шерине

XS
SM
MD
LG