Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

Зеленский согушта Украина 43 миң аскерин жоготконун айтты


Украин аскерлери. Архивдик сүрөт.
Украин аскерлери. Архивдик сүрөт.

Орусия Украинага басып киргенден бери 43 миң украин аскери набыт болду. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал 8-декабрда Телеграм-каналына жазган билдирүүсүндө 370 миң адам жаракат алганын да жазды. Анын айтымында, жаракат алгандардын жарымы дарылангандан кийин аскердик кызматын уланткан. Орусия согушта дээрлик 200 миң аскерин жоготуп, 550 миң аскери жарадар болду.

Орус тарап жоготуулары боюнча расмий маалымат бербей келет.

Зеленскийдин айтымында, Украина тынчтыкты каалайт, бирок ага "бир нече кагазга кол коюу менен жетүү мүмкүн эмес".

Быйыл июнда АКШнын улуттук коопсуздук мекемесинин мурунку башчысы, генерал Кит Келлог Москваны жана Киевди сүйлөшүүгө мажбурлоонун планы бардыгын айтып, Украина андан баш тартса берилчү аскердик жардамды кыскартууну, эгер Москва макул болбосо украиндерге жардамды көбөйтүүнү сунуш кылган.

Планда сүйлөшүү башталганда жаатташкан эки тарап тең ок атууну токтотуп, майданда ким кайсы жерде турса ошол тилкеде калары каралган. Трамп анын согушту токтотуу планы Келлогдун сунушу менен үндөшпү же жокпу айткан эмес.

Украина буга чейин орус армиясы өлкө аймагынан толук чыгып кетмейинче кандайдыр бир сүйлөшүү болорун четке каккан. Жакындан бери Зеленский эки тарап тең жаңжалды азыркы абалында токтотуп, ал эми орус күчтөрү ээлеп алган аймактарын Киев дипломатиялык жол менен кайтарып алары тууралуу сөз кыла баштады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG