Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:38

Сирия: өкмөт башчы бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди


Башар Асад өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда.
Башар Асад өлкөдөн чыгып кеткени кабарланууда.

Сириянын премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун иштешүүгө даяр экенин, бийликти өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чараларды көрөрүн билдирди. Анын сөзүн саудиялык Al Arabiya телеканалы көрсөттү.

“Сирия коңшулары, дүйнө менен жакшы мамиле курган кадыресе өлкө боло алат. Бирок эл тандаган кандай гана жетекчилик болбосун бул маселени чечиши керек. Биз алар менен кызматташууга даярбыз жана бардык мүмкүн болгон шартты камсыздайбыз”, - деген өкмөт башчы Фейсбук аркылуу жасаган кайрылуусунда.

Ал учурда өзүнүн үйүндө экенин, өлкөдөн чыкпай турганын билдирген.

AFP агенттиги козголоңчулардын лидерлерине шилтеме кылып бийликти расмий өткөрүп алганга чейин Дамаскидеги мамлекеттик мекемелер өкмөт башчынын көзөмөлүндө болорун жазды.

Маалыматтарга караганда, Дамаскинин борборундагы Омейядов аянтында режимдин кулатылышына кубанган жарандар чогула баштады.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон аянтта музыка ойноп, бир канча адам танкты курчап бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Reuters маалымат агенттиги Сириядагы жогорку кызматтагы эки офицерге шилтеме кылып өлкөнүн президенти Башар Асад Дамаскиден чыгып кеткенин билдирген.

Британияда жайгашкан Адам укугунун корголушуна мониторинг жүргүзгөн сириялык борбор (SOHR) шаардын аба майданынан учкан жеке учакта Асад болушу мүмкүндүгүн билдирди. Ал учак учуп кеткенден кийин аэропорттогу өкмөттүк аскерлер эвакуация болгонун кабарлаган.

Мунун алдында өкмөттүк армияга каршы чыккан козголоңчулар Хомско жакындаганы тууралуу маалыматтар чыккан. Бул шаар өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан жана ал козголоңчуларга өтсө, Дамаскиге барууга жол ачылмак.

Борбор шаардын деңиз жээгиндеги аймактар, анын ичинде орусиялык аскердик базалар жайгашкан Латакия жана Тартус менен байланышы үзүлөт.

"Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде ири Алеппо шаарын жана ондон ашык айыл-кыштакты өз карамагына алууга жетишти. Алар ошондой эле орус армиясы көзөмөлдөгөн Хмеймим авиабазасына 35 чакырымга жакындады. Сирия авибазаны Орусиянын карамагына 2015-жылы өткөрүп берген. Анда Москванын жардамы менен Дамаск төрт жылдык жарандык согушта жеңишке жеткен.

“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өзүлөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, соңку күндөрдөгү согуштук аракеттерден улам он миңдеген карапайым тургундар үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG