Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

WSJ: Египет менен Иордания Башар Асадды Сириядан чыгып кетүүгө үндөдү


Башар Асад
Башар Асад

Сирияда өкмөттүк армияга каршы козголоңчулардын аракетинен улам египеттик лидерлер мамлекет башчы Башар Асадды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Анын балдары жана аялы Орусияга чыгып кеткенин, күйөө балдары Бириккен Араб Эмираттарында экенин The Wall Street Journal сириялык бийлик өкүлдөрүнө таянып жазды. Алардын айтымында, Асад азырынча Сирияда калууда.

Иорданиянын бийлиги да Асадды Сириядан чыгып кетүүгө үндөгөн, бирок Вашингтондогу элчилиги бул маалыматты төгүндөдү.

Египеттин бийлик өкүлдөрү Асад менен оппозиция өкүлдөрү кире турган убактылуу кеңешти түзүүнү да талкуулаганын басылма жазды. Бул тууралуу расмий маалымат жок.

Соңку маалыматтар боюнча, АКШда жана бир нече өлкөдө террордук уюм деп таанылган “Хайят Тахрир аш-Шам” тобу баштаган козголоңчулар Сириянын Хомс шаарына жакындады. Бул калаа үчүн салгылаш Сирия бийлиги үчүн чечүүчү учур болушу мүмкүн экенин The Wall Street Journal жазды. Хомс шаары козголоңчулардын колуна өтсө, алардын ары карай Дамаскиге барышына жол ачылат жана борбор калааны Жер ортолук деңиздин жээгиндеги орусиялык аскердик база менен байланышы үзүлөт.

The New York Times ирандык дипломаттар жана аскерлер козголоңчулар басып кирип келе жатканда Сириядан эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатканын жазды. Басылманын булактары Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун айрым аскер башчылары өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген.

Гезит Асаддын өнөктөштөрү – Иран, Орусия жана АКШда террордук деп таанылган ливандык “Хезболла” тобу жеке маселелери менен алек болуп жатканына көңүл бурган. Иран менен “Хезболла” Израил менен тирешип жатса, Орусия Украина менен согушун улантууда.

Sky News Arabia жана Bloomberg басылмаларынын маектештеринин айтымында, Орусия Сириядагы болуп жаткан окуяларга кийлигишүүгө кызыкдар эмес экенин Асадга билдирген.

Куралчан козголоңчулар Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүн ноябрдын этегинде баштаган. Бир нече күндө алар Алеппо, Хама жана Дейр-эз-Зор калааларын жана бир нече айыл-аймактарды ээлөөгө жетишти. Ошондой эле 2011-жылы Асадга каршы көтөрүлүш башталган Дараа провинциясынын бир топ бөлүгүн өкмөткө каршы күчтөр басып алганы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG