Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:51

Салык кызматынын төрагасы жана орун басары 20-январга чейин камакка алынды


Алтынбек Абдувапов.
Алтынбек Абдувапов.

6-декабрда Биринчи май райондук соту Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповду жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовду 20-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы сот имаратына алардын жакындары, тарапташтары чогулганын маалымдады.

Сот чечими 6-декабрдын кечинде жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Абдувапов жана Кыдыргычов кармалганын 6-декабрда кабарлаган. Атайын кызмат алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганын билдирүүдө.

Атайын кызмат коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын кошумчалаган.

Буга чейин мекеменин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы кабарланган.

Салык кызматы бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

УКМК салыкчылардын мыйзамсыз иштеринен бюджетке 3,2 млрд сом зыян келтирилгенин билдирген.

Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев коррупциялык иштерге байланыштуу Мамлекеттик салык кызматынын дагы башка кызматкерлери кармалышы мүмкүн экенин 5-декабрда Жогорку Кеңеште Кыргызстанда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда айткан. “Кармоолор айрым жетекчилерге чейин жетиши мүмкүн” деген ал. Бишкекте 3-декабрда кармалган салыкчылар коррупциялык схема түзүп алганын кошумчалаган. (AiB)

Шерине

XS
SM
MD
LG