Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:49

ИИМ үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгондорду милицияга кабарлоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги атайын видео ролик жарыялап, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарды же күбө болгондорду сөзсүз 102 номуруна чалууга чакырды. Милиция үй-бүлөлүк зомбулук жеке адамдардын көйгөйү эмес, коомчулуктагы олуттуу маселе экенин белгилейт.

“Эгерде сиз зомбулукка күбө болсоңуз же өзүңүз жабыркасаңыз - четте калбаңыз. Кыска 102 номуруна чалыңыз. Жардам жакын жерде!” - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукка каршы иштерде милиция алдын алуу жана чукул чараларды жасабайт деген сын айтылып келет. Кыргызстанда ушул жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп (былтыр 10 айда 10 416 факты катталган).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 12 001 коргоо ордери берилген. Анын ичинен 11 227си аялдарга, 529у эркектерге берилген. Андан тышкары 245 бала коргоо ордерин алган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG